Мурда Шарм-эль-Шейхтин эң мыкты мейманканаларында бир түнгө жайгашуу 200 доллардын тегерегинде болсо, азыркы учурда 25-27 доллардан ашпайт.
Бүгүнкү күндө Египетте эс алуучулар жокко эсе. Бир гана отелдер эмес, эстеликтер да ээнсиреди. Азыр пирамидалардын жанынан сүрөткө тушкөндөр да азайган. Эксперттер мындай каатчылыкты коопсуздук суроосу менен байланыштырууда.
Airbus 320 лайнери Париж-Каир каттамын жүргүзүп жатып, Жер ортолук деңизинен өтүп жатканда диспетчерлердин радарынан жоголуп кеткен. Бортто 66 адам болгондугу айтылат.