Депутаттыкка талапкер Мырсалиева атаандаштарын ачык дебатка чакырды

Автор -
208

«Социал-демократтар» партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Мырсалиева башка партиялардан аттанган талапкер аялдарды коомдук жайда ачык сүйлөшүүгө чакырды.

Ал бул тууралуу «Фейсбук» баракчасына жазып, «Ата Мекендин» талапкери Элвира Сурабалдиева, «Биримдиктен» Аида Касымалиева, «Мекеним Кыргызстандан» Элнура Алканова, «Республика» партиясынан Алтынай Өмүрбекова жана «Кыргызстан» партиясынан Наталья Кулматованы эл алдындагы дебатка чакырды.

«Биз келечектеги депутаттар катары элден коркпошубуз керек. Биз парламентте элдин кызыкчылыгын коргошубуз керек. Ошон үчүн мен бүгүн монументтин жанындамын. Мен сиздерди элдин алдында эл тууралуу, жөнөкөй кыргызстандыктын жупуну жашоосу жөнүндө сүйлөшүүгө чакырам. Сиздерде чакырыгымды кабыл алууга, же баш тартууга 24 саат убактыңыздар бар», — деп айтылат кайрылууда.

Мырсалиева бул чакырууну кабыл алган талапкер айымдарды Бишкектин түштүк дарбазасындагы «Жеңиш» сейил багындагы монументтин алдынан күтөрүн айткан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.