Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин УКМКнын абагынан бошотулгандан кийинки алгачкы сүрөттөрү жарыяланды. Аны Кундуз Жолдубаева өзүнүн соцтармактагы баракчасында бөлүшкөн.
Эске сала кетсек, 6-октябрга караган түнү Атамбаевдин тарапташтары аны УКМКнын Тергөө абагынан бошотушкан. Экс-президенттен сырткары абактан мурунку премьер-министр Сапар Исаков, саясатчы Равшан Жээнбеков, Садыр Жапаровдор бошотулганы кабарланууда.