Улуттук банк коммерциялык банктарга ишин токтотуп турууну сунуштады

Автор -

Өлкөнүн финансы-банк секторунун коопсуздугун жана финансы-кредит уюмдарынын активдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында Улуттук банк коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына 6-октябрда өз ишин токтотуп, коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер келип чыккан учурда Улуттук банк онлайн-сервис кызмат көрсөтүүлөр (телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенджерлер жана башка) аркылуу финансылык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот.

Улуттук банк жагдайды байкоого алып турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды колдонот.