Бүгүн Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков эл менен жолугат

Автор -

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Сапар Исаков түштө «Медиа-Форум» имаратында эл менен жолугушат. Бул тууралуу маалыматты «Социал-демократтар» таратышты.

Алар бардык кайдыгер эмес жарандарды саат 14:00гө аталган имараттын алдына келүүгө чакырышат.

«Бүгүн, 2020-жылдын 6-октябрында саат 14:00дө Бишкектеги Форум имаратынын алдына «Социал-Демократтар» саясий партиясынын мүчөлөрү, абактан чыгарылган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жана башка саясий туткундардын тарапташтары жана бардык кайдыгер эмес саясий күчтөр чакырылат. 

Бул жолугушууда Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жана өлкөдөгү туруктуулукту сактап калуу тез арада кабыл алынышы зарыл чаралар тууралуу талкууланат. Ошондой эле «Социал-Демократтар» жана КСДП партиясынын мындан аркы максаттары талкууланат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, «Ала-Тоо» аянтындагы оппозициялык күчтөр буга чейин Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылышкан. Кийин Ак үйдү алган соң митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен. Андан кийин Садыр Жапаров жана Сапар Исаков, Равшан Жээнбековдор чыгарылган. Бүгүн Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, убактылуу кармоочу жайдан бошотулганы маалым болду.