Сыймык Жапыкеев башкы прокурордун милдетин аткаруучу болду

Автор -

Сыймык Жапыкеев башкы прокурордун милдетин аткаруучу болду. Буга чейин «Бир Бол» партиясынын талапкери Алмамбет Шыкмаматов бул кызматты ээлегендиги айтылган. Бирок имаратка келген жоон топ адамдар бул чечимге макул болгон жок,  деп жазат Kaktus.media.

Алмамбет Шыкмаматов алар менен талашып отурууну туура көрбөй, кызматты Жапыкеевге бошотуп берди.

Сыймык Жапыкеев — «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири, КР Башкы прокуратурасынын мурунку кызматкери. Өткөн жылдан баштап, соцтармактарда активдүү түрдө «Кумтөр Голд компани» жетекчилигин сындап баштаган. Кийин парламент депутаты  Кубанычбек Жумалиевди коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыптаган.

Жапыкеев депутатта $2,5 млрд байлыгы бар экенин айтып, аны мамлекеттин пайдасына тартып алууну сунуштаган. Депутат бул сөздөрү үчүн Жапыкеевди сотко берип, утуп чыккан.