Ыктыярдуу элдик кошуундар Бишкекти кайтарууда

Автор -

Бишкекте ушуну менен экинчи түнү Ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү борбор шаардагы муниципалдык жана мамлекеттик ишканаларды, кафе-ресторан, соода борборлорун кайтарууда.

Активисттер баштаган ыктыярдуу топ мамлекеттик номуру жок машинелерди текшерип өткөрүп жатышат.

Өкмөт имаратынын алдында да жүздөгөн ыктыярчылар турганы кабарланды. Кайтарууга алынган объектилердин арасында КТРК, өкмөт үйү, мамлекеттик резиденция, Башкы прокуратура, мейманкана, ири соода борборлор жана башка жайлар бар.

Кыргызстанда 5-октябрда парламент, президенттик администрация отурган имарат жана УКМК демонстранттардын топтору тарабынан басып алынган. 6-октябрдын түнү топтошкон шектүү адамдар ар кайсы мекемелердин, соода борборлордун жанына барганы, бирок ыктыярдуу кошуундар талап-тоноочулук далаалаттарына жол бербегени айтылган.