Фестиваль өзү 5 күндөн кийин, 2-3 июнда өтөт. Ал эми тендердин акыркы мөөнөтү 31-май деп жарыяланды. Ошентип, катышуучуларга 2 иш күнү гана берилди.

Конкурска ылайык, режиссёрдук жана коюп берүүчү топ керектелет. Тендердин суммасы 574 миң сомду түзөт.

Тендер

Тендердин уюштуруучусу – тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия. Жарым миллион сомго режиссёрдук кызматтан тышкары, үн режиссёрлор тобу, административдик топ, чыгармачыл адамдардын жана аткаруучулардын тобунун кызматтары кирет.

Тендер

Фестивалдын проморолиги дагы эки күн мурун гана жарыяланган.