Бишкекте жаңы оорукананын курулушу аяктап калды

Автор -

Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоодо, деп билдирет Республикалык штаб.

Бул 100 орунга эсептелген объектинин курулушу 2020-жылдын июль айында башталган. Аны каржылоо Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 67,5 млн сом сарпталды. 

Азыркы мезгилде 4 блоктон турган объектинин курулушу бүтүү алдында турат. Подряддык уюм тарабынан төмөндөгү жумуштар бүткөрүлдү: имараттын чатыры жабылды, шыптар жылууланды, полдор бетондолуп бүттү, ички дубалдар гипсокартон менен чапталып, жасалгалоо жумуштары бүткөрүлдү, эшиктер жана терезелер орнотулду, сырткы дубалдар профнастил менен чапталды, сырткы тепкичтердин тосмо дубалдарынын бетон жумуштары аягына чыкты.

Андан тышкары желдетүү каналдары, сигнализация тармагы, ичүүчү суу түтүктөрү, канализация түтүктөрү орнотулду жана электрмонтаждоо жумуштары бүткөрүлдү.

Азыркы учурда оорукананы жууп, тазалоо жана аянтын көрктөндүрүү боюнча жумуштар бүткөрүү алдында турат. Андан тышкары эмеректер орнотулууда жана жакынкы арада медициналык жабдуулар алынып келүүсү күтүлүүдө.