Бир сутка ичинде COVID-19 илдетин жугузуп алган 330 адам катталды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алардын аймактар боюнча бөлүнүшү:
— Бишкек — 68
— Ош — 36
— Чүй облусу – 12
— Ош облусу — 74
— Талас облусу — 9
— Ысык-Көл облусу – 18
— Жалал-Абад облусу – 70
— Баткен облусу — 43
Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус илдетин 50 миң 201 киши жуктуруп алды.