Башкы прокуратура Шыкмаматов менен Жапыкеевге кылмыш иши козголгонун төгүндөдү

Автор -

Алмамбет Шыкмаматов менен Сыймык Жапыкеевге кылмыш иши ачылганы тууралуу маалымат чындыкка жатпайт. Бул туурасында Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө айтылат.

Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында Алманбет Шыкмаматов жана Сыймык Жапыкеевге карата Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгондугу жөнүндө маалымат тараган.

«Өз учурунда көзөмөл орган жогорудагы маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын жана аларга карата кылмыш иши козголбогондугун, ошондой эле аталган адамдардын үстүнөн кандайдыр бир тергөө аракеттери жүргүзүлбөгөндүгүн билдирет», — дешет мекемеден.