Жергиликтүү калк «Марко Поло» пансионатынын тосмосун алып ташташты

Автор -

Ысык-Көл облусунда белгисиз адамдар «Марко Поло» пансионатын басып алууга аракет кылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Бүгүн бир катар ЖМКларда белгисиз адамдар Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан «Марко Поло» пансионатын басып алууга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат жарыяланган. Облустук милиция буларды төгүндөгөн билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 6-октябрь күнү Оргочор жана Боз-Бешик айылынын тургундары пансионатты тегерете курчап турган узундугу 30 метрлик тосмону алып ташташкан. Бул фактыны Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү бирдиктүү реестрге каттап, «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бүлдүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Анын алкагында жүргүзүлгөн текшерүү учурунда жергиликтүү калк  пансионаттын директору Д.П. менен сүйлөшүп, көл жээкке алып баруучу жолду жаап турган тосмону алып салышканы белгилүү болгон.  Андан тышкары пансионаттын жетекчилиги менен жергиликтүү бийлик айыл тургундарын көлдүн жээгине бекер өткөрүү тууралуу жаңы келишим тузүшкөн.

Пансионаттын директорун жана администрациясын сурамжылоо учурунда алар айыл тургундарына карата арыз жазуудан баш тартышкан.

Мындай фактыларды болтурбоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү элге мыйзамдын талаптары түшүндүрүлүп, бардык талаш маселелер мыйзам чегинде гана чечилиши керектиги айтылды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул факт боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.