Бишкектеги мектептерде 1-6-класстар үчүн 1-чейрек онлайн уланат

Автор -
228

Бишкек шаарындагы мектептерде 1-6-класстар үчүн 1-чейрек онлайн уланат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай сунушту мэриянын алдындагы Бишкек шаардык  билим берүү башкармалыгына Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси, Бишкек шаарынын башкы санитардык врачы Кубан Кундашев берген.

«Биз кайсы убакта болбосун, салттуу окутууга өтүүгө даярбыз. Тилекке каршы, Бишкекте сентябрь айында 7-16 жаш курактагы 439 балада сасык тумоо аныкталды, октябрдын эки жумасында 425 бала сасык тумоо менен катталды. Алардын арасында 7 жаштан 16 жашка чейинки 33 балада коронавирус инфекциясы аныкталып, алардын ичинен 22 учур 7-13 жаштагы балдар болду», — деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.

Учурда мектеп имараттары жана анын тегеректери дезинфекцияланып, жетекчилер мектеп ишин жанданткан учурда коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө алгоритмдери менен таанышып чыгышкан.