144 окуучудан коронавирус, 23 окуучудан пневмония тастыкталды

Автор -

Сентябрдан тарта бүгүнкү күнгө чейин мектеп жашындагы 144 баладан коронавирус жана 23 баладан пневмония тастыкталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрлик мындан улам, мектептердин жана бала бакчалардын ишин жандантпай туруу чечими кабыл алынганын билдирет.

«Биз өсүп жаткан эпидкырдаалга мониторинг жүргүзүп жана Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге чечим кабыл алабыз. Ошондуктан, биринчи чейректи онлайн режиминде жүргүзүү чечимине токтолдук. Экинчи чейрек тууралуу кошумча каралат. Балким, жергиликтүү башкаруу органдары, администрациялар эпидемиологияга каршы өзгөчө комиссиялардын чечими боюнча шаарлардын жана райондордун деңгээлинде чечим кабыл алышы керек», — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.