Кечээ, 27-майда, Ош-Айдаркен жолунун 125-132-чакырымында сел жүрүп, беш адамдын өлүмүнө себепкер болду. Суук кабарды эми уккандарга окуянын хронологиясын сунуштайбыз.

27-МАЙ

09:31. Эртең менен өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан-чачын көп болгондуктан, сел жүрүшү мүмкүн деп коңгуроо какты. Негизи, быйыл жаз жаандуу болгондуктан, ӨКМ шашылыш билдирүүлөрдү акыркы бир айдын ичинде тынымсыз жасап жатты.

15:30дан кийин. Баткен облусунун Кадамжай районунда Жийделик деген аймакта катуу жаандан кийин сел жүргөнү маалым болду. Ошол замат курман болгон адамдар бар экени айтыла баштады. ӨКМ бул маалыматты тастыктап, алгач Honda CR-V унаасы агып кетип, ичинде 6 киши бар болгонун билдирди. 5 адам каза болуп, бир бала куткарылып калды. Бүгүн сел астында калган унаа Opel Frontera экени белгилүү болду.

Унаада 7 адам бар болгону, бир бала жоголуп, ал изделип жатканы айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов окуя болгон жерге чыгып кетти.

22:00дөн кийин. Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондорго жана жабыркагандарга көңүл айтып, акчалай жардам берүүгө буйрук берди. Баткенге өзүнүн кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жөнөттү.

Кадамжайда электр энергиясы өчүп калды.

23:00дөн кийин. Унаада каза болгондордун аты-жөнү такталды:

  1. Жороев Зайир Шамидинович, 1991-жылы туулган, Көтөрмө айыл аймагындагы Кызыл-Булак айылынын тургуну;
  2. Жороев Шайырбек Шамидинович, 1987-ж. т., Көтөрмө айылы аймагындагы Кызыл-Булак айылынын тургуну;
  3. Шайырбек уулу Алмаз, 2014- ж. т., Жороев Шайырбектин уулу;
  4. Фарида Алымкулова, 1967- ж. т., Орозбеков айыл аймагындагы Учкун айылынын тургуну;
  5. Зарипа Эрмекова, 1973- ж. т., Майдан айылы аймагынын тургуну.

Куткарылган бала — Нурлан уулу Жеңишбек, 2010-жылы туулган. Ал — каза болгон Зарипа Эрмекованын уулу. Ал эми изделип жаткан бала — 2013-жылы туулган Жороев Элдар.

28-МАЙ

08:00. Изделип жаткан бала табыла элек.

09:00. Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркагандарга жардам көрсөтүлүп жатканын жана дары-дармектер жетиштүү экенин билдирди.

10:50. Атамбаев өкмөткө селдин кесепеттерин жоюу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү буйруду.

11:12. Кадамжайга президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков келди.

11:30. Окуя болгон жерде ыкчам топ түзүлдү. Жоголгондорду издөө үчүн 83 адам жана 22 бирдик техника иштеп жатат.

280520165547

12:00. Сел Кадамжайда 3 үйдү кыйратканы маалым болду. Изделип жаткан 3 жашар баланын кийимдери табылды.

Сүрөт: turmush.kg
Сүрөт: turmush.kg

13:20. Президент Алмазбек Атамбаев селдин кесепетинен курман болгон беш адамдын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүү үчүн социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 миң сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон.

13:30. Кадамжайда иче турган суу жок. Сел суу түтүктөрүн дагы жараксыз кылып салды.

14:00. Жаан катуу жаап баштап, баланы издөө иштери убактылуу токтотулду.

17:00. ӨКМ башка жабыркагандар жок экенин айтып, дагы сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертти.