Сакалдын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү жарадар болду. Ага операция жасалып, тирүү калды. Октор колуна жана ичине тийген. Кылмышка шектүүлөр изделүүдө.
Кечээги атышуу Сакал каймана аты бар кримтөбөл Улан Токтосунов менен Камчы Көлбаевдин топторунун криминалдык араздашуулары. Бул тууралуу K-Newsка укук коргоо органдарынан айтып беришти.
5-апрелде Чүй менен Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болду. Өтүп бараткан унаадан көчөдө турган адамга ок чыгарышкан. Анын жыйынтыгында, жарадар болгон адам ооруканага жеткирилген.