23-24-октябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул туурасында Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарындын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн.
Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, түндүгүндө 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу;
—Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу;
—Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу;
—Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу;
—Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу,
-тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.