Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 227 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар:
- Бишкек – 39
- Ош шаары – 19
- Чүй облусу – 20
- Ош облусу – 31
- Талас облусу – 8
- Нарын облусу – 1
- Ысык-Көл облусу – 22
- Жалал-Абад облусу – 55
- Баткен облусу – 32.
Ушуну менен өлкөдө 56170 адамдан илдет катталса, анын ичинен 47 843 адам айыгып чыкты. Учурда стационарда 3399 бейтап, үй шартында 3274 бейтап дарыланууда. Каза тапкандардын жалпы саны 1134 адам.