Каспий деңизинин боюнда пайда боло турган курортто “акылдуу” үйлөр, футуристтик дизайндагы мейманканалар курулат. “Кендерли” курорту жөн гана эс алуучу жай эмес, кадимки шаар болот. Ал жерде 200 миң киши жашай алат.

План боюнча, мектеп, оорукана жана бала бакчаларды мамлекет салып берет. Ал эми жеке коммерциялык объектилерди немис инвесторлор курат. Курортто 23 отель, аквапарктар, кеме клубдары жана ден соолукту чыңдоочу жайлар салынат. Баштапкы этапта долбоорго 600 млн евро инвестиция салуу пландаштырылып жатат. Ал эми аягына чейин чыкканча бул сумма 30 млрд еврого чейин жетет.

Немистер курортко дүйнө жүзүнөн туристтер келет деп көздөп жатышат.

“4 жылдан кийин алгачкы үч мейманкана ачылат. Биз Казакстанды тандагандыгыбыздын себеби, бул өлкө абдан жагат. Кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө биринчи жолу презентацияда билген элек. Биз буга чейин Казакстанга келип кеткенбиз. Анын жаратылышы кооз жана эли меймандос”, — деп инвесторлордун бири Герхард Лойбл айтып берди.