Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-30-майда жер-жерлерде жаан нөшөрлөп жаайт деп эскертти.
Мындан улам, тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүү коркунучу дагы деле сакталып турат.
Ал арада куткаруучулар Кадамжайдагы селде жоголуп кеткен 3 жашар баланы издөөнү улантып жатышат.