Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 460 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
— Бишкек – 91
— Ош шаары – 37
— Чүй облусу – 41
— Ош облусу – 82
— Талас облусу – 18
— Нарын облусу – 5
— Ысык-Көл облусу – 29
— Жалал-Абад облусу – 90
— Баткен облусу – 67
Өлкөдө март айынан бери жалпы оору жуктургандардын саны 57 миң 798 адамга жетти. Алардын ичинен 49 миң 97 киши айыкты.