Бүгүн, 30-октябрь, саат 08:00гө карата коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркаган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы медициналык жайларда 149 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
— Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасында — 4 орун;
— Улуттук фтизиатрия борборунда — 5;
— Улуттук хирургия борборунда — 4;
— Улуттук госпиталь — 0;
— Улуттук кардиология жана терапия борбору — 19;
— №1 шаардык клиникалык оорукана — 8;
— Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 60;
— Темир жол ооруканасы — 11;
— Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 12;
— Улуттук онкология жана гематология борбору — 9;
— №2 клиникалык төрөт үйү — 17.