Учурда өлкө аймагындагы ооруканаларда коронавируска чалдыккан 111 адам өтө оор абалда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 3441 адам ооруканаларда дарыланууда, алардын ичинен:
- 49 адам (1,4%) — канааттандыраарлык абалда;
- 2325 (67,5%) — орто оордукта;
- 956 (27,7%) — оор абалда;
- 111 (3,2%) — өтө оор абалда.
Дагы 3941 адамда оору жеңил формада өтүп жаткандыктан, үй шартында дарыланышууда.
Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус илдетин 59 миң 879 киши жуктуруп алды. Алардын ичинен 50 741 адам айыгып чыкты. 1155 адам оорудан оңоло албай дүйнө салды.