Түркиядагы жер титирөөдөн жаракат алгандардын саны айтылды

Автор -

Түркиянын Измириндеги жер титирөөдөн 110 адам каза болуп, 1027 адам жаракат алды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган маалымат жыйында билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

«Измирдеги жер титирөөдөн кийин 110 адамдын сөөгү табылды. 1027 адам ар түрдүү мүнөздөгү жаракат алды. Биз үмүтүбүздү үзбөйбүз, издөө-куткаруу иштери акыркы адам кыйроодон чыгарылганга чейин уланат», — деген өлкө башчы Режеп Тайип Эрдоган.

Эске салсак, 30-октябрда Түркиянын батыш тарабында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Грек сейсмологдору анын күчүн 6,9 балл деп баалашкан.