5-ноябрга карата өлкө ооруканаларында 1 миң 54 адам оор жана өтө оор абалда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Учурда стационарда 3430 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
— 65 адам (1,8%) — канааттандыраарлык абалда;
— 2311 (67,3%) — орто оордукта;
— 930 (27,1%) — оор абалда;
— 124 (3,6%) — өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда 3746 бейтап бар.
Март айынан бери Кыргызстанда бул илдетти жугузгандардын саны 61 миң 309 кишиге жетти. Алардын ичинен 52 343 адам айыгып чыкты. 1167 адам каза тапты.