Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы 1993-жылдан 2002-жылга чейин өлкөнүн башында турган мамлекеттик органдар жана кызматкерлер чет элдик банктар менен макулдашып алып, тамак-аш, жеңил өнөр жай, фармацевтика, тоо, кен, таштандыны кайра иштетүү боюнча заводдорду өнүктүрүү максатында алынган насыяларды кымырып алган фактыларды аныктады, деп жазат «Азаттык».
Иликтөөнүн корутундусунда айтылгандай, «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» АК, «Жибек-Жолу» АК, «Казкоммерцбанк», «Жылдыз» АК, «Кыргызпотребсоюз», «Жанар» АК, «Чүй агроөндүрүш компаниясы», «Ала-Тоо» мейманкана-ресторандар комплекси, «Кыргыз Агробизнес» компаниясы, «Буудай» мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын өкмөтүнүн кепилдиги менен жалпы суммасы бир миллиард АКШ долларынан ашуун суммада кырктан көп насыя алган.
Күрөө катары өлкөдөгү алтын резервинин бир бөлүгү көрсөтүлгөн. Бирок алынган насыялар өлкөгө келбей, чет элдик банктар менен өз ара макулдашылып, башка өлкөдөгү банктарга которулуп турган.
Насыя алгандар акыры банкрот деп жарыяланып, ишканаларынын каттоосун жок кылышкан. Насыянын мөөнөтү өтүп кеткенде чет элдик банктар алтын менен коюлган күрөөнү алып турушкан. Бул насыялардын бир бөлүгү азыркыга чейин төлөнүп жатканы маалым болду.
УКМК Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки териштирүү баштады.
Сөз болуп жаткан ишканалар УКМКнын бул билдирүүсүнө жооп кайтара элек.
Финансы министрлигинин соңку маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы, тышкы жана ички карыздарды кошкондо, 378 миллиард сомду (4,8 миллиард доллар) түзөт. Анын 86,6% — тышкы карыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар (4,1 миллиард доллар).
Кыргызстандын мамлекеттик карыздарды төлөөнүн көлөмү 2023-жылдан тартып көбөйө баштайт. 2027-жылы бул үчүн жылына 400 миллион доллардай бөлүп турушу керек болот. Өлкө 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 миллиард доллар грант жана насыя алган.