Көлбаев ден соолугуна байланыштуу 47- колонияга которулду

Автор -

Камчы Көлбаев ден соолугунун абалына байланыштуу 2020-жылдын 2-ноябрында 47-колонияга которулду, деп билдиришти УКМКдан.

Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнү улантууда.
Мындан улам, мекеме жарандарды Камчы Көлбаевдин жакын арада бошотулушу тууралуу ушактарды таратпоого чакырат.

«Жакында эле Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйында бийлик уюшкан кылмыштуу топ менен сүйлөшүп, К.Көлбаевди бошотуу тууралуу макулдашышканы тууралуу имишти айтып чыкты. Дүйшөбаевдин «ыкчам маалыматтары» тастыкталган жок. Мындай жорук УКМКнын мурунку жетекчисине жарашпайт. Мекеме коррупция жана криминал менен активдүү күрөшүүнү улантууда. Бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жүрүп жатат. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды талкалап, казынага келтирилген чыгымдарды кайтарып жана криминалдык көрүнүштөрдү түп-тамырынан жоюуга керектүү иштер аткарылууда», — деп айтылат маалыматта.