«Дастан» ачык акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин бюджеттик каражаттарга ээлик кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Дастан» УАК ААКсынын жана анын «Улан» ААКсы туунду ишканасынын кызмат адамдары чет мамлекеттерден атайын техникаларды сатып алуу боюнча жасалма келишим түзүү менен бюджеттик каражаттарды ээлеп алышкан.
2020-жылдын май айында «Дастан» УАК ААКсы бир чет өлкө менен 3 млн долларга келишим түзгөн. Аталган корпорациянын жетекчилиги «Улан» ААК туунду ишканасы менен кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзүү жолу менен ал акчанын 695 миң долларына ээлик кылган.
«Көрсөтүлгөн акчаны кымырып алуу айласын кылып, «Улан» ААК жетекчилиги ЖЧКлардын бири менен 54 млн сомго атайын жабдык алуу боюнча жалган келишим түзүп, кийин ал каражат «Улан» ААКсынын жетекчиси Ж.Р.Ж. нын чөнтөгүнө түшкөн», — деп айтылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча (Ишенип берилген мүлккө ээлик кылуу же коротуу) каттоого алынган.
Тергөө иштеринин жыйындыгында «Улан» ААКсынын директору Ж.Р.Ж. Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы айтылат.
Ачык булактарга таянсак, «Улан» ААКсынын жетекчиси Руслан Жампеишов болуп эсептелет.