Эң көп Бишкекте. COVID-19 илдетинин 439 жаңы учуру катталды

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 439 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

  • Бишкек — 166
  • Ош — 17
  • Чүй облусу – 55
  • Ош облусу — 24
  • Талас облусу — 17
  • Нарын облусу — 11
  • Ысык-Көл облусу – 45
  • Жалал-Абад облусу – 52
  • Баткен облусу — 52.

Март айынан бери Кыргызстанда 61 748 адам бул илдетке чалдыкты. Анын ичинен 52 855 адам айыгып чыкты. 1170 адам каза тапты.