Бишкекте коронавирус жана пневмония илдетине чалдыккандарды кабыл алууга 83 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
13-ноябрь саат 10:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 11 ооруканада 83 бош орун бар:
- Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы — 1;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 3;
- Улуттук хирургия борбору — 2;
- Улуттук госпиталь — 7;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 4;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 7;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 10;
- Темир жол ооруканасы — 2;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 23;
- Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 13;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 13.
Белгилей кетсек, сутка ичинде 567 кишиден коронавирус табылып, жалпы жуктургандардын саны 65 454кө жетти. Анын ичинен 56 307 бейтап айыкса, 1 195 адам оорудан оңоло албай көз жумду.