Президент калкка кандай жардам берилип жатканы жана сел агызып кеткен баланы издөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат алуу үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Министрдин айтымында, жергиликтүү бийликтер жана жашоочулар менен бирге куткаруучулар селге кабылган үйлөрдү, автожолдорду, каналдарды, инфраструктура жана суу менен камсыз кылуучу объектилерди  калыбына келтирүү иштерин улантып жатышат.

Алмазбек Атамбаев селдин кесепеттерин жоюу иштерин улантып, жабыркагандарга бардык зарыл жардамдарды берүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдарга кириптер аймактарда жашаган калк арасында түшүндүрүү иштерин жандандырып, аларды алдын ала эскертип, мүмкүн боло турган табигый кырсыктарды болтурбоого даярдоо зарыл экендигин белгиледи.