Мэрия үйү күйүп кеткен үй-бүлөгө документ алууда жардам берет

Автор -

17-ноябрга караган түнү Бишкектин «Бакай-Ата» конушундагы жеке турак үйдөн өрт чыгып, ичиндеги эмеректер, документтер, акча жана башка буюмдар күйүп кеткен.

Өрт чыккан турак үйдө 3 балалуу ата-эне жашачу. Учурда алар досторунун үйүндө убактылуу баш калкалап жатканын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Свердлов районунун акими Мурат Осмонов турак үйү күйүп кеткен үй-бүлөгө көмөк көрсөтүү максатында чукул жыйын өткөрдү. Анда №21 аймактык муниципалдык башкармалыгынын жетекчисине жабыркаган үй-бүлөгө документ алып берүүгө, ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө, ыктыярчылардан акча каражатын топтоо жардам берүүнү тапшырып, жергиликтүү жашоочулар арасында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Райондук акимчиликтин жана профсоюздук комитеттин кызматкерлери бир күндүк маянасын которуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат», — дешти мекемеден.

Ошондой эле өрт үйдөгү жылыткычтан чыкканы айтылып, мэрия калкты электр шаймандарын колдонууда этият болууга жана үйлөрүн камсыздандырып коюуга чакырат.