Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин жаңы 304 учуру катталды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
- Бишкек — 101
- Ош — 2
- Чүй облусу – 51
- Ош облусу — 19
- Талас облусу — 16
- Нарын облусу — 3
- Ысык-Көл облусу – 32
- Жалал-Абад облусу – 72
- Баткен облусу — 8.
Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 69 миң 885 адамга жетти. Анын ичинен 61 160 адам айыгып чыкты. 1237 киши каза тапты.