Бир сутка ичинде COVID-19 илдети 304 адамдан жаңы табылса, 349 адам бул ооруну жеңип ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Сакайып чыккандар:
— Бишкек – 112
— Ош шаары – 1
— Чүй облусу – 44
— Ош облусу – 29
— Талас облусу – 2
— Нарын облусу – 2
— Ысык-Көл облусу – 35
— Жалал-Абад облусу – 54
— Баткен облусу – 70.
Учурда ооруканаларда 3096 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
— 65 адам (2%) — канааттандыраарлык абалда;
— 2064 (66,6%) — орто оордукта;
— 829 (26,7%) — оор абалда;
— 138 (4,4%) — өтө оор абалда.
Дагы 3648 адам үй шартында дарыланып жатат.
Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 69 миң 885 адамга жетти. Анын ичинен 61 160 адам айыгып чыкты. 1237 киши каза тапты.