Мелис Турганбаев 2014-жылдын 3-октябрында ички иштер министри болуп дайындалган. Бүгүн ээлеген кызматынан бошотулду. Saat.kg анын эл арасында эсте калган 5 фактысын сунуштайт.

1“Мелис байке”

Ал 2013-жылы министрдин орун басары болуп иштеп жүргөндө эле “Мелис байке” деген ат менен таанымал болгон. Жол эрежесин бузуп, кармалган Назик Чодронова “Мелис байкеге чалам” деп жол кайгуул кызматкерлерин коркуткан. Азыр коомчулук Турганбаев десе эле ошол Чодронованын кылыгын эстейт.

2Анапияевдин өлүмү

Маскөөдөн келген Гүлжигит Абилазизов «крим төбөлү» Анапияевдин өлүмүнө Жаныш Бакиевдин тиешеси бар деп көрсөтмө берген. Бирок бир нече күн өтпөй эле интернетте күбөнү ИИМдин кызматкерлери Маскөөдөн коштоп, Кыргызстанга алып келген сүрөттөрү чыккан.

3Террористтер менен күрөшүүдөгү катасы

Былтыр 2-октябрда абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда атышуу болгон. Натыйжада Итибаев атып өлтүрүлдү. Атышуу учурунда тургундарга ок тийген. Итибаев да куралдуу каршылык көрсөтүп, милициянын атайын кызматынын өкүлү Төлөбек Исмаилов каза болгон. Коомчулук УКМК операция жасаганда жоготуу болбойт эле деген пикирин азыркыга чейин айтып жүрүшөт.

4Журналистти сабатканга «буйрук берген»

“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимовду үй жагынан белгисиз адамдар сабап кеткен. Ал ооруканадан чыккандан кийин маалымат жыйын өткөрүп, “Турганбаевдин заказы” экенин билдирген. Журналист көп өтпөй Атамбаевге, УКМК төрагасы Абдиль Сегизбаевге үй-бүлөсүн коргоп бергени үчүн ыраазычылык билдирген. Бирок айрым активисттер Турганбаевди күнөөлөп, аны кызматтан кетирүүнү бийлик уюштурган деп сындап келет.

5“Реформа” девизи менен келген Турганбаев

Ал министр болоордун астында ишти “реформа” девизи менен баштай турганын айтты эле. “Коопсуз шаар” долбоорун ар кандай себептен улам ишке ашырган жок. Ал эми жаңыдан түзүлгөн патрулдук милиция кызматы ишке ашпай калгандай. Жол кайгуул кызматы менен кайгуул посттук кызматтарын бириктиргени эле болбосо, бардыгы мурунку эле бойдон.