Мурунку премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу анын жардамчысы Руслан Турдумамбетов билдирди, деп жазат Kaktus.media.
Анын айтымында, мурунку өкмөт башчы ооруканага жаткырылды, бирок абалы канааттандырарлык.
«Боронов реанимацияда эмес, жөн гана дарылануу үчүн жатты», — деген жардамчысы.
Буга чейин айрым ЖМКлар анын пневмония менен жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн жазып чыгышкан.