Көз боёмочулук үчүн соттолуп жаткан парламенттин мурунку депутаты УКМКнын тергөө абагынан 28-майда чыккан.

“Азыр ал үйдө, ден соолугун чыңдап жатат. Биздин эч кандай нааразычылыктарыбыз жок”, — деп K-News’ка анын жактоочусу Кайрат Загибаев айтып берди.

24-майда Бишкек шаардык сотунун чечими менен Хажимурат Коркмазов Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнөн акча талап кылган деп 1,5 жылга кесилген. Бирок, тергөө абагындагы ар бир күн эки күнгө теңелгендиктен, ал өз жазасын өтөп койду деп эсептелди. Коркмазов УКМКда 10 ай отурду.

Хажимурат Коркмазов Түлеевдин кызынан 100 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Бул акчага ал экс-мэрдин камакка алынган мүлкүн чыгарып берем деген деп айтылат.