Коронавирус: 524 жаран сакайды, 120 бейтап өтө оор абалда

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 524 жаран сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

— Бишкек – 132
— Ош шаары – 35
— Чүй облусу – 137
— Ош облусу – 33
— Талас облусу – 9
— Нарын облусу – 8
— Ысык-Көл облусу – 69
— Жалал-Абад облусу – 49
— Баткен облусу – 52.

Учурда өлкө ооруканаларында 2635 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда, алардын ичинен:
— 28 адам (1,6%) — канааттандыраарлык абалда;
— 1819 (69,0%) — орто оордукта;
— 668 (25,3%) — оор абалда;
— 120 (4,5%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда дагы 3528 бейтап бар.

Март айынан бери Кыргызстанда бул илдетти жуктургандардын саны 74 миң 373 адамга жетти. Алардын ичинен 66 113 адам айыгып чыкты. Жалпы 1285 адам каза тапты.