Баткенде жол кырсыгынан бир адам каза тапты

Автор -

Баткен облусунун Жаңы-Жер айылында жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-декабрь күнү саат 07:45те Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 223-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 31 жаштагы эркек киши каза болгон. Жерине КР ӨКМнин РӨКО №3 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.