Энциклопедияда улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы, ал жөнүндө ой-пикирлер, документтер кеңири камтылган.

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиевдин айтымында, ЖК экс-депутаты Самат Ибраев жана коомдук ишмер Болот Берикбаев каржылаган.

Энциклопедия 500 нускада чыккан.

Китептин баш жагында президент Атамбаевдин сөзү жазылган.

“Саякбай атабыз көчмөн турмушта, согуш алааматынын катаал шартында көөнөрбөс ыйык мурасты сактап, өркүндөтүп, бизге табыштап кеткен. Жалпы адамзат маданиятынын дүйнөлүк кенчине татыктуу салымын кошкон”, — деп жазылган.