Коронавирус: 494 жаран сакайды, 94 бейтап өтө оор абалда

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 494 жаран сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

— Бишкек – 137
— Ош шаары – 25
— Чүй облусу – 116
— Ош облусу – 27
— Талас облусу – 13
— Нарын облусу – 10
— Ысык-Көл облусу – 55
— Жалал-Абад облусу – 51
— Баткен облусу – 60.

Учурда стационарда 2370 адам дарыланууда, алардын ичинен:
— 38 адам (1,6%) — канааттандыраарлык абалда;
— 1656 (69,8%) — орто оордукта;
— 582 (24,5%) — оор абалда;
— 94 (3,9%) — өтө оор абалда.

Дагы 3128 адам амбулатордук дарыланууда.

Март айынан бери Кыргызстанда бул илдетке 76 миң 12 адам чалдыкты. Алардын ичинен 68 367 адам айыгып чыкты. 1303 адам каза тапты.