Токсон бейтап өтө оор абалда экени айтылды

Автор -

Учурда өлкө аймагындагы ооруканаларда 2 305 адам коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бейтаптардын арасынан:
— 30 адам (1,3%) — канааттандыраарлык абалда;
— 1585 (68,7%) — орто оордукта;
— 600 (26%) — оор абалда;
— 90 (3,9%) — өтө оор абалда.

Дагы 3041 бейтап үй шартында дарыланууда.

10-декабрь күнү оору 379 адамдан табылды, 527 жаран айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. 3 киши каза тапты.

Жалпысынан март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жана пневмония ооруларынан 76 391 адам жабыркады. Алардын ичинен 68 894 айыгып чыкты. 1306 жаран оорудан оңоло албай, каза тапты.