Бүгүн «Торугарт-автожол» өткөрүү пункту иштебейт

Автор -

Бүгүн, 10-декабрда, «Торугарт-автожол» өткөрүү пунктунда адамдар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта бул техникалык себептерден улам Кытай тараптын демилгеси менен болгону айтылат. Пункт өз ишин 11-декабрь күнү саат 9:00дө жандантат.