Өлкө боюнча 5218 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

Автор -

Учурда өлкө ооруканаларында коронавирус жана пневмониядан 2263 бейтап дарыланып жатат. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Алардын ичинен:
— 24 адам (1%) — канааттандыраарлык абалда;
— 1559 (68,8%) — орто оордукта;
— 590 (26%) — оор абалда;
— 90 (3,9%) — өтө оор абалда.

Ал эми үй шартында 2955 бейтап дарыланууда.