УКМК: Ошто миң конок чакырылган үлпөт той боюнча текшерүү башталды

Автор -

Ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун үлпөт тою боюнча тергөө органдары текшерүү башташты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, айрым райондордо, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалдан улам өзгөчө кырдаал режими күчүндө.

«Чектөөлөргө карабай ишкер Жалил Атамбаев 1000ге чукул адамдын катышуусунда дүңгүрөгөн той өткөргөн. Муну менен ал санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузуп, коомчулук арасында нааразычылык жаратты. Териштирүүнүн алкагында бул факты боюнча тактоо үчүн Жалил Атамбаев УКМКнын тергөө органына чакырылды. Ага карата аябай катуу чара колдонулат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Атамбаевдин уулу УКМКнын учурдагы кызматкери экени белгиленет.

«Учурда Жалил Атамбаевдин уулуна карата кызматтык иликтөө башталды. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар көрүлөт, жумуштан айдалышы да мүмкүн», — дешет мекемеден.

Буга чейин социалдык тармакта Жалил Атамбаев той өткөрүп, Ош шаарынын мурунку жана азыркы мэри, Жогорку Кеңештин депутаттары жүргөн кадрлар тараган.