Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 241 жаңы учуру катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, оорудан Ош облусунда дарыланып жаткан бир бейтап көз жумган.
Жаңы учурлар:
- Бишкек — 73
- Ош — 13
- Чүй облусу – 55
- Ош облусу — 22
- Талас облусу — 6
- Нарын облусу — 3
- Ысык-Көл облусу – 38
- Жалал-Абад облусу – 19
- Баткен облусу — 12
Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жалпы 78 миң 151 киши жуктуруп алды. 71 270 адам айыгып чыкты. 1317 киши каза тапты.