Бишкекте жарандан ири суммадагы жасалма доллар табылды

Автор -

Бишкекте ири суммадагы жасалма акчаны алып жүргөнгө шектелип, 51 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү (акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо багытындагы ыкчам иш-чаралардын алкагында 14-декабрында Бишкек шаарында 1969-жылы туулган К.У. аттуу жаран кармалды. Анын жанынан ири суммадагы жасалма доллар табылган.

«Табылган жасалма акчалар жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган. Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат», — дешти мекемеден.