Air Kyrgyzstan авиакомпаниясынан тышкары аэропорт казакстандык SCAT’ты да тейлеп баштайт.

Жуковский аэропорту Орусия борборундагы төртүнчү аба майданы болуп калды. Кыргыз жана казак компаниялары алгачкылардан болуп тейлене турганы аэропорттун кечээги ачылышында билинди.

Air Kyrgyzstan менен SCAT’тын алгачкы каттамдары июндун орто ченинде башталат. Эки компания биригип, жумасына 20 чакты рейс аткарып турат.

Жуковский аэропортундагы жүргүнчүлөрдү ташый турган терминалды Рампорт Аэро компаниясы курууда. Бул — орусиялык Ростех мамкорпорациясы менен литвалык  Avia Solutions Group холдингинин ортосунда түзүлгөн ишкана. Литвалыктар акциялардын башкаруучу топтомуна ээ.

Рампорт бул долбоорго 10 млрд рублга чейин инвестиция салууну көздөйт. 2020-жылга чейин аэропорт жылына 12 млн жүргүнчү тейлеп калышы керек деген пландары бар.

Кечээ ачылган терминалга болсо Рампорт Аэро 1,8 млрд рубль инвестиция кылды. Ал жылына 2 млн кишиге эсептелген. Жаңы ачылган терминалда азырынча бош турган 18 каттоо жайы, эки кафе жана duty free дүкөнү бар.

Булак: reuters.com