Элчилик Москвада бычакталган 19 жаштагы кыргызстандык тууралуу маалымат берди

Автор -

Москва шаарында белгисиз адам тарабынан бычакталып каза тапкан 19 жаштагы баланын түбү кыргызстандык, бирок Россия жарандыгын алган. Мындай маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, маркум Россия жараны болгондуктан, ишке тиешелүү көп  материалдарды алууга мүмкүн болгон эмес.

«Учурда окуя боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатканын укук коргоо органдары билдиришти. Шектүүлөр дагы бар экен. Бир аптанын ичинде дагы толук маалымат берилет. Учурда баланын атасы жүк-200 менен сөөктү алып кетүү үчүн даярдыктарды көрүп жүрөт. Баланын апасы тууралуу маалымат жок, бирок атасы Россияда жашаары маалым», — деди элчиликтин маалымат катчысы.

Эске салсак, кечээ, 16-декабрда Москвада курьер болуп иштеген кыргыз баланын бычакталып каза тапканы тууралуу маалымдалган. Маалыматты орус басылмасы укук коргоо органдарына таянуу менен жазып чыккан. Анда бычак баланын жүрөгүнө дагы тийгендиктен, аны аман алып калуу мүмкүн болбой калганы айтылган.