Бул долбоорду мамлекеттик “Инфоком” ишканасы иштеп чыгы, URBAN DATA HACKATHON конкурсунда жеңүүчү аталды.

“Акылдуу жол чырак” төмөнкүчө схема менен иштейт: шаардын негизги кесилиштеринде камералар орнотулат. Алар жолдогу кыймылдын агымын тынымсыз анализдеп, кайсы тарапта машине көп болгонуна жараша узагыраак жашыл сигнал жанып турат. Мындай система жол тыгындары 20%га азайта турганы боможолдонууда.

Конкурста экинчи жана үчүнчү орунду “Тез жардамга жардам бер”, Open Sport жана Pandus долбоорлору ээледи. Ар бир команда 48 сааттын ичинде программисттерди, дизайнерлерди, маркетологдорду жана ишкерлерди тартып, өз долбоорлорун түзүп чыгышты.